Коом

БШКда студент-журналисттер менен жолугушуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова “журналистика” адистиги боюнча окуп жатышкан студенттерге шайлоо процессинин негиздери жана демократиялык шайлоолорду өткөрүүдө жаштардын ролу тууралуу айтып берди.

БШК жетекчиси жаштарга мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын легитимдешүүсү үчүн шайлоолордун ролу, шайлоолорго кантип катышуу, активдүү жана пассивдүү шайлоо укугу жөнүндө түшүндүрмө берди.

“Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары добуш бере алышат, шайлай алышат. Шайлоочулардын тизмесине добуш бериле турган күнү активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, мыйзамдуу жол менен биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет. КР мыйзамына ылайык, шайлана турган талапкерлерге жарандыгы, тили, туруктуу жашагандыгы, 30 миң кол жыйноо боюнча талаптар жана чектөөлөр коюлат. Мындан тышкары жашы боюнча талаптар да бар: жергиликтүү кеңештерге 18 жаштан, Жогорку Кеңешке 21 жаштан, Президенттикке 35 жаштан жогоркулар кое алышат, соттуулугу жана ишке жарамдуулугу боюнча да чектөөлөр бар”, – деди ал.  

Анын айтымында, өлкөдө 18 жаштан 30 жашка чейинки шайлоочулардын саны көп болгондугуна карабастан, шайлоо процессине жаштардын активдүү аралашуусу анча байкалбай жатат.

“КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 10-ноябрына карата маалыматы боюнча, республикада 3 544 403 шайлоочу бар. Алардын ичинен эркектер -1 693 035, аялдар -1 851 368 же 47,77% жана 52,23%. 2017-жылы болгон Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого салыштырганда шайлоочулардын санынын өсүшү – 264 473 болсо, 2015-жылы болгон КР Жогорку Кеңешине шайлоого караганда шайлоочулардын саны – 762 257ге өскөн. Шайлоочулардын санынын көбөйүшү калктын табигый көбөйүшүнө жана шайлоочулардын тизмесин жакшыртуу боюнча туруктуу жасалган иштерге байланыштуу”, — деди БШК жетекчиси.

Мындан тышкары БШК төрайымы шайлоочулардын жалпы курамындагы жаштардын орун алуусу боюнча маалыматтарды да келтирди:

“Алардын ичинен 1 045 443 шайлоочу 18ден 29 жашка чейин, 853 659 шайлоочу 30дан 39 жашка чейин, 604 195 шайлоочу 50 жашка чейин. Ошол эле учурда 2017-жылы болгон КР Президентин шайлоодо өлкө боюнча 56,32%  шайлоого катышуу болсо, жаштардын катышуусу болгону 41,56% болгон, башкача айтканда жаштардын активдүүлүгү жашы өткөн адамдарга караганда 15%га аз болгон”.

Н. Шайлдабекова стратегиялык изилдөөлөрдүн Улуттук институту өткөргөн суроо-жоопторго ылайык, жаштардын шайлоолорго катышуусунун же катышпоосунун себептерин да айтты.

“Суроо-жоопторго катышкан жаштар шайлоого катышуулардын мындай себептерин айтышкан: бул ар бир жарандын милдети; алар тандаган талапкерди колдоо зарылдыгы же болбосо алардын добушу шайлоо үчүн маанилүү анткени ал жыйынтыкка таасир тийгизе алат. Ал эми шайлоого катышпаган жаштар өздөрүнүн мындай мамилесин шайлоолордун алардын жана өлкөнүн турмушундагы ролун түшүнбөй тургандыктары, шайлоо системасына ишенбей тургандыктары, шайлоо процесси жөнүндө жана талапкерлер тууралуу маалыматтардын жоктугу жана партиялардын, талапкерлердин программаларында жаштардын маселелеринин жоктугу менен түшүндүрүшөт”.

Бул жолугушууга КР БШКнын маалымат берүү жана агитация боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү – эксперттер да катышып, шайлоолорду демократизациялоодогу медиасабаттуулуктун мааниси тууралуу айтып беришти.

Студенттерге АСУнун ишин көрсөтүшүп, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин ачыктыгын кантип камсыздай ала тургандыгын да көрсөтүштү.  

КР БШК Маалыматтык бөлүмү

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button