Саясат

Жумушка келбеген депутаттардын айлыгынан кыскартып, талкаланып, өрттөлгөн Ак үйдү оңдоо сунушталууда

Бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттар чогулуп,  жыйын болуп жатат. Депутат Улугбек Ормонов кесиптештерине Жогорку Кеңештин имаратын оңдоо үчүн кошумча каражат табууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамдын 146-беренесинде депутат келбеген ар бир күнү үчүн эмгек акысынын 10 пайызы алынып салынат деген пункт бар.

«Оңдоо иштерине акча издеңиздер, ушул мыйзамды колдонуш керек. Жоопкерчиликти сезишсин ”, — деди  ал.

ЖК төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров “тиешелүү комиссия калыбына келтирүү иштеринин алкагында иштеп жатат” деп жооп берди.

Эскерте кетсек, 6-октябрдагы баш аламандыкта  митингдин катышуучулары тарабынан Бишкектеги Ак үй өрттөлгөн эле.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button