Жогорку Кеңеш 11,6 миллион сомго техника сатып алуу үчүн тендер жарыялады

Жогорку Кеңеш жаңы ноутбуктарды жана жыйындар залына керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн 11,6 миллион сомго тендер жарыялады. Бул маалыматты парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова тастыктады.

“5-6-октябрь күнкү окуяларда Жогорку Кеңештин имаратындагы бардык техника, жабдуулар талкаланган. Алып кеткендер дагы болгон. Жыйындар залында депутаттардын алдында турган ноутбуктар, түз эфирди камсыздоочу мониторлор, серверлер жок кылынган. Ошонун баарын кайрадан алуу үчүн тендер жарыяланып, мамлекеттик сатып алуулар порталына илинди”, — деди Куралбекова.

Тендердеги маалыматка караганда, Жогорку Кеңеш 143 ноутбук, 12 LED-монитор, 54 персоналдык компьютер жана 47 принтер сатып алууну пландап жатат.

Эске салсак, быйылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 6-октябрга караган түнү “Ала-Тоо” аянтына митингге чыккан. Айрымдары Жогорку Кеңештин имаратына кирип, талкалап, бир топ зыянга учураткан.