Forbes журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын 17-рейтингин чыгарды.

BERLIN, GERMANY - DECEMBER 16: Angela Merkel, Chancellor and Chairwoman of the German Christian Democrats (CDU), attend teh ceremony to sign the coalition agreement between the three parties that seals their cooperation and allows the creation of a new German coalition government on December 16, 2013 in Berlin, Germany. The new government is scheduled to be sworn in tomorrow. (Photo by Carsten Koall/Getty Images)

Абройлуу делген Forbes журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын 17-рейтингин чыгарды.

Быйыл жалпысынан тизмеге 30 мамлекеттеги аялдар кирди. Алардын арасында 10 президент, 38 компаниянын башкы директорлору жана көңүл ачуу тармагынын беш өкүлү бар.

Биринчи сапты он жыл катары менен Германиянын канцлери Ангела Меркель ээлеп келет. Экинчи катарда былтыркыдай эле Европанын Борбордук банкынын башчысы Кристин Лагард турат. Үчүнчү орун АКШнын келечектеги вице-президенти Камала Харриске тийди. Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен төртүнчү орунда, ал эми Microsoft компаниясынын негиздөөчүсүнүн жубайы Мелинда Гейтс алдыңкы бештикти толуктады.
Ошондой эле тизмеге YouTube каналынын башчысы Сьюзен Войжитски (13-орун), Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II (46-орун), планетанын эң бай адамы Жефф Безостун мурдагы жубайы Маккензи Скотт (67-орун), ырчылар Рианна (69-орун), Бейонсе ( 72-орун) жана Тейлор Свифт (82-орун) кирди.

Коронавируска каршы натыйжалуу күрөшкөнү үчүн бир нече аял рейтингге киргизилгени белгиленди. Арасында катуу карантиндик чараларды көргөн Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн, оорудан өлгөндөргө тыкыр иликтөөнү жүргүзүүнү тапшырган Тайвань администрациясынын башчысы Цай Инвэнь бар.