Шайлоо-2021. Кыргызстанда шайлоочулардын добушун так эсептөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн

Бул тууралуу “Шайлоо процесстерин маалыматтык коштоо иштеринин өзгөчөлүктөрү, жаштардын шайлоодогу ролу жана добуш сатып алууларга бөгөт коюу” деген аталышта өткөрүлгөн тегерек столдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтуусу боюнча өлкөдө өткөрүлүп келе жаткан шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө белгилүү бир ийгиликтер бар жана Кыргызстандагы шайлоо системасын эл аралык демократиялык, акыйкат шайлоо стандарттарына шайкеш келтирүү үчүн алдыда дагы аткарыла турчу иштер арбын.

“Шайлоо системасын реформалоонун жүрүшүндөгү артыкчылыктуу маселе –  бул шайлоо процессинин так жана ачык-айкын өтүүсү. Бүгүн добуштарды эсептөө Борбордук шайлоо комитети тарабынан ачык-айкын жүрүп жаткандыгын ишенимдүү түрдө айта алам, ошондой эле мунун өзү улуттук шайлоо системасын реформалоодогу негизги жетишкендик болуп калды. Ачык-айкындуулуктун мындай көрсөткүчү дүйнө жүзүнүн бардык эле өлкөлөрүндө сакталып келе жатпагандыгын белгилей кетким келет. Тилекке каршы, ондогон жылдардан бери шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып келгендигин “Жеке шайлоочу – жеке добуш” принциби сакталбай келген. Ошентип, шайлоо жыйынтыктарын бурмалоолор өңдүү одоно мыйзам бузуулар дал мына ушундай системаны түзүп чыгууну бизден талап кылды. Шайлоочуларды идентификациялоо, автоматтык түрдө эсептөөчү урналар аркылуу добуштарды эсептөө өңдүү биздин технологиялар шайлоонун ачык-айкындуулулугун камсыз кылат” – деди Нуржан Шайлдабекова.

Кыргызстандагы шайлоо процессинин жүрүшүндө жаштар чоң роль ойной тургандыгы жана алар жалпы шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгын түзөөрү айтылган. Ошол эле учурда, 2017-жылы өткөрүлгөн шайлоо процесси жаштардын активдүүлүгү улуу муунга салыштырмалуу 15 пайызга төмөн экендигин көрсөткөн.

“2017-жылы өткөрүлгөн шайлоолордун жүрүшүндө бардыгы болуп 1,7 млн. шайлоочу катышкан. 900 миң добуш алган талапкер Президент болуп калган. Муну айтып жатканымдын себеби 1,5 млн. адамды түзгөн жаш муундун өкүлдөрү мамлекет башчыны, парламентти өз каалоосуна ылайык шайлап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Борбордук шайлоо комитетинин төрайымынын айтуусу боюнча бул үчүн болгону шайлоо процессине активдүү катышуу абзел. Мындан сырткары, ал республиканын шайлоо системасынын инклюзивдүүлүгүнө басым жасаган.

“Ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (ДМЧА) үчүн шайлоо участкалары менен маалымат булактарына кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылган. ДМЧАлардын шайлоолорго катышуусу боюнча Кыргызстандагы мыйзамдар ОБСЕ тарабынан алдыңкы практика катары бааланган. Ар бир шайлоо участкасы боюнча керектөө карталары киргизилген жана аларда ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген  ар бир шайлоочу боюнча майыптык мүнөзү жазылган. Мындан сырткары, маалымат материалдарын Брайл тамгасы менен 1%дан кем эмес атайын форматта чыгаруу боюнча милдеттеме бар. Өткөн шайлоолордун жүрүшүндө бардык талапкерлер бул талаптарды сакташкан. БШК өз кезегинде бир катар материалдарды, ошону менен бирге Конституцияны атаайын форматта басып чыгарып, китепканалар менен ЖОЖдорго тараткан. 2017-жылы бардыгы болуп шайлоо участкаларынын 29 пайызы пандустар менен жабдылышса, 2020-жылдын октябрь айында ал – 75 пайызды түзгөн.

Бүгүн жергиликтүү бийлик органдарынын алдына шайлоо участкаларына болгон ачыктыкты 100 пайызга камсыз кылуу маселеси коюлган, – дейт Н. Шайлдабекова.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан камсыздалып жаткан финансылык ачык-айкындуулук жөнүндө айтуу менен КР БШК башчысы тапкан кирешесине ылайык келбеген суммаларды шайлоо фондуна төккөн адамдарды текшерүү иштери башталгандыгын айтты.

“Саясий кызматка талапкерлигин коюп жаткан адамдардын салыктык чегерүүлөрдө таза болуусу өтө маанилүү. Саясатчылардын өлкө жарандары алдында мындай отчёт берүүсү ар бир демократиялык коомго мүнөздүү” – дейт ал.

Аталган Тегерек стол USAID колдоосу алдында КРдагы Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун өкүлчүлүгү (IFES) тарабынан уюштурулган жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен социалдык тармактардын активдүү колдонуучуларын бириктирген. Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар эркин жана акыйкат шайлоолорду уюштуруп өткөрүүнүн жүрүшүндө берилген маалыматтардын тактыгы жана ачык-айкындуулугу, жаштардын шайлоо процессиндеги активдүүлүгү өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгилешти. Ал эми ММК өкүлдөрү шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу, Кыргызстандагы шайлоо процесстерин коштоп келе жаткан чыңалуу учурларын алдын алуу механизмдерин иштеп чыгуу тууралуу айтышты.

Мындан сырткары, тегерек столдо 2020-жылдагы парлементтик шайлоолор боюнча ММК мониторингдеринин жыйынтыгыктары презентацияланды, алар  “Медиа өнүгүү борбору” коомдук фонду тарабынан өткөрүлгөн.