Саясат

Райым Матраимов убада кылган 2 миллард сомду толугу менен төлөп берди.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов убада кылган 2 миллард сомду толугу менен төлөп берди. Бул тууралуу маалымат жыйыны учурунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«1,4 миллиард сом накталай акча менен мамлекеттик бюджетке которулду. Ал эми 600 миллион сомдун ордуна бир соода борборун жана тогуз батир берди. Соода борборун мамлекеттин менчигине өткөрөбүз. Сегиз батир УКМКнын кызматкерлерине кызматтык үй катары калтырылат. Ал эми аянты чоң бир батир балдар үйүнө берилет», — деди Ташиев.
Ошондой эле ал Матраимовго карата кылмыш иши токтотулбаганын, мындан ары дагы иликтөө ишетри уланатын айтты.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button