Түркия өлкөгө кирүү талаптарын күчөттү

Түркия өлкөгө кирүү талаптарын күчөттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-декабрдан тарта учак менен, 30-декабрдан тартып жер үстүндөгү транспорт менен келген ар бир жүргүнчү акыркы 72 сааттын ичинде COVID-19 үчүн терс ПЦР-тестин тапшырышы керек. Чаралар 2021-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болорун өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Twitter баракчасына жазган.
Пандемия башталгандан бери Түркияда эки миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыгып, 19 миңден ашык киши каза болгон.

Учурда өлкөдө коменданттык саат иштеп, Жаңы жылды майрамдоого тыюу салынган.