УКМК башаламандык уюштуруу тууралуу аудиотасмаларды текшерүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) айрым саясатчылардын, президенттикке талапкерлердин жана алардын тарапташтарынын сүйлөшүүсү делген аудио жазуулар соттук-фоноскопиялык жана филологиялык экспертизага жөнөтүлөрүн билдирди.

«Экспертизанын жыйынтыгында бийликти күч менен басып алууга үндөгөн тараптардын аракеттерине юридикалык баа берилет», – деп айтылат маалыматта.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, атайын кызмат президенттик шайлоо менен референдумдан кийин массалык нааразычылык акцияларын өткөрүү жөнүндө аудиолор боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

УКМК жарандарды социалдык тармактарда жана Интернетте чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга жана мүмкүн болгон фактыларды укук коргоо органдарына кабарлоого чакырды.

Ушул күндөрү «Фейсбук», «YouTube» баракчаларында «айрым саясатчылардын сүйлөшүүсү жаздырылган аудио» делген аудиотасмалар жарыяланып жатат. Анда шайлоодон кийинки кырдаал, башаламандык уюштуруу тууралуу сөздөр айтылган. Аудиотасмада аты аталгандар азырынча комментарий берише элек.