Республикада акыркы суткада COVID-19 инфекциясын жуктурган 147 учур белгилүү болгон. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек — 70;
- Ош — 3;
- Ысык-Көл облусу — 21;
- Чүй облусу — 38;
- Жалал-Абад облусу — 1;
- Ош облусу — 5;
- Нарын облусу — 4;
- Баткен облусу — 5.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустун COVстиID-19 инфекциясын жуктурган 82 138 учур катталган.
Стационардык дарылоодо — 862, ал эми амбулатордук түрдө 1 232 бейтап дарыланууда.
147 адам сакайды:
- Бишкек — 69;
- Ош — 6;
- Ысык-Көл облусу — 45;
- Чүй облусу — 49;
- Жалал-Абад облусу — 15;
- Ош облусу — 11;
- Нарын облусу — 4;
- Талас облусу — 1;
- Баткен облусу — 4.
Расмий маалыматка ылайык, республика боюнча өткөн жылдын мартынан баштап коронавирус инфекциясы менен 77 751 адам ооруп айыккан.
Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан Талас облусу менен Бишкектен эки бейтап каза тапты. Жалпы каза болгондордун саны 1 367 адамга жеткен.