Саясат
Өкмөт башчы Артем Новиков бүгүн отуз төрткө чыкты
Бүгүн, 13-январда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков туулган күнүн белгилөөдө. Ал 34 жашка толду.
Новиковду социалдык тармактын колдонуучулары куттукташууда.
Куттуктоо сөздөрдө анын мыктылыгын, президент 3 жылда аткарбаган ишти жасап жатканын, өзү жаш болсо да тажрыйбасы мол экенин жана башка жылуу сөздөр өкмөт башчынын милдетин аткаруучунун «Фейсбуктагы» расмий баракчасында арнашууда.