Дүйнөдө коронавирустан өлгөндөрдүн саны эки миллиондон ашты

КШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 16-январда 93 миллион 816 миңден ашты. Оорудан көз жумгандардын саны 2 миллион 8 миңден көп.

Каза тапкандардын басымдуу бөлүгү АКШда – дээрлик 390 миң. Андан кийин Бразилия – 207 миң, Индия – 150 миңден ашат.

Дүйнөдө коронавирустан өлгөндөрдүн саны эки миллиондон ашты

Коронавирустун жаңы штаммы жайылып жаткандыктан Франция 16-январдан тартып бүткүл өлкө боюнча коменданттык саат киргизүүдө.

2021-жылдын башынан тартып АКШ жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө «Pfizer/BioNTech» жана «Moderna» вакциналары, Орусияда «Спутник V», «ЭпиВак-Корона» вакциналары, Кытайда да жергиликтүү вакциналар эмдөөдө колдонулуп жатат.

Ал эми коронавирустун жаңы штаммы – мутацияланган түрлөрү Улуу Британияда, андан соң Швейцария, Словакия, Румыния сыяктуу Европа өлкөлөрүндө, акыркы жумада Орусияда аныкталган. Мындан тышкары, коронавирустун дагы бир башка түрү Жапонияда аныкталган. Ал Бразилиядан келген болушу ыктымал экени айтылууда. Токиодо 7-февралга чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Кыргызстанда 16-январдагы расмий маалыматка ылайык, коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 82 986 адамга жетти. Алардын 1382си каза болуп, 78 866сы сакайды.