Маданият

Самара Каримовага нааразы болгон окуу жайдын мугалимдери митингге чыгышты

Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын жамааты ырчы Самара Каримованын директор болушуна нааразы болушууда. Соттун чечими күчүнө кире электигине карабай ырчы директордун иш бөлмөсүнө кирип иштеп жатканын айтууда.

Ниязалы атындагы окуу жайында Самара Каримованы мугалимдер кабыл албай жатышат. Бүгүн мугалимдер митингге чыгышты.

Алар соттун чечими чыкмайынча директорлук кызматка отуруп, иштегенге укугу жеп деп чыгышкан.

—«Бизге министрлик мыйзамдуу чечим чыгарып берсин. Биз азыр Самара Каримова менен иштеше албайбыз. Ал мыйзамсыз кызматта отурат. Соттун чечими чыкмайынча жумушка келбей турсун. Айрым кызматкерлерди дагы коркутуп жатыптыр. Студенттерди бирден чакырып алып, ар кандай суроо бергенин уктук», — деп билдирди мугалимдеринин бири.

Булак: NazarNews.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button