Коом
Коронавируска каршы вакцина. Кыргызстандын 80% эли бекер эмделет
Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өкмөт Кыргызстандын элинин 80 процентин бекер эмдетээрин айтты.
Анын айтымына караганда Кыргызстан COVAX Глобалдуу альянсынын алкагында Pfize вакцинасын бекер алат.
«COVAXтын алкагында биз 1 миллион 200 кишиге дозаны бекер алабыз. Мындан сырткаары бюджеттен элдин 80%тин эмдөөгө каражат бөлүүнү пландаштырып жатабыз. Бирок, дүйнөлүк вакцинанын баардыгына кезек чоң. Андыктан алардын бирөөн дагы июндан эрте ала албайбыз», — деп түшүндүрдү Эльвира Сурабалдиева.