Самара Каримова талашкан Оштогу музыкалык окуу жайга жаңы директор дайындалды

Ырчы Самара Каримова нааразычылыктардан улам директорлук кызматтан баш тарткан Оштогу музыкалык окуу жайга жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Илязбек Балташев тарабынан белгилүү болду.

Маалым болгондой, Ош шаарындагы Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына бүгүн, 27-январда Ильязбек Ташболот уулу 3 айлык сыноо мөөнөтү менен директор болуп дайындалды. Ал музыкалык билимге ээ, буга чейин аталган окуу жайда эмгектенип келген.

Жаңы директорду окуу жайдын эмгек жамаатына министрдин орун басары Илязбек Балташев тааныштырды.