Эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондору аныкталды (Тизме)

29-30-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мелдешке жалпысынан 314 балбан катышты.

Чемпионаттын биринчи күнү 5 (57 кг, 65 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг) салмак категорияда кармаштар болуп, мелдештин ачылуу аземи орун алды. Ага Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, Кыргыз Республикасынын күрөштүн түрлөрү боюнча федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев катышты.

Мелдештин ачылыш аземинин алкагында Жоомарт Шамканов эркин күрөштү өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн Мелис Турганбаев менен машыктыруучу Рысбек Эсенгуловго ыраазычылык кат тапшырды. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын спорт чебери» наамы эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Сымбат Сулаймановго ыйгарылды.

30-январда калган беш салмак боюнча (61 кг, 70 кг, 79 кг, 92 кг, 125 кг) кармаштар өтүп, финалдык беттештер болду.

Чемпионатта 1-2-3-орунду ээлеген спортчулар Дирекциянын тиешелүү деңгээлдеги диплом, медалдары менен сыйланышты.

Жеңүүчүлөр менен байгелүү орун ээлеринин тизмеси:

57 кг.

1-орун – Бекболот Мырзаназар уулу

2-орун – Алмаз Сманбеков

3-орун – Тунгуч Арстанбек уулу

3-орун – Анарбек Сыдыкбеков

61 кг.

1-орун – Улукбек Жолдошбеков

2-орун – Икромжон Хаджимуродов

3-орун – Тынчтык Абасбеков

3-орун – Тайырбек Жумашбек уулу

65 кг.

1-орун – Алибек Осмонов

2-орун – Эрназар Акматалиев

3-орун – Орозбек Токтомамбетов

3-орун – Айбек Токтогул уулу

70 кг.

1-орун – Исламбек Орозбеков

2-орун – Мансур Сыргак уулу

3-орун – Куштарбек Абдыманап уулу

3-орун – Атай Мамалиев

74 кг.

1-орун – Эламан Догдурбек уулу

2-орун – Стамбул Жаныбек уулу

3-орун – Джовидон Хамудов

3-орун – Арсалан Будажапов

79 кг.

1-орун – Саяк Усупов

2-орун – Нарбек Изабеков

3-орун – Бекжан Камчыбеков

3-орун – Атай Изабеков

86 кг.

1-орун – Нуртилек Карыпбаев

2-орун – Мирлан Чыныбеков

3-орун – Бакыт Жаркынбаев

3-орун – Эрбол Ажыбеков

92 кг.

1-орун – Дөөлөтбек Жамгырбек уулу

2-орун – Чыңгыз Керимкулов

3-орун – Мухаммед Умурзаков

3-орун – Магомед Будунов

97 кг.

1-орун – Сымбат Сулайманов

2-орун – Арсланбек Турдубеков

3-орун – Руслан Ахметов

3-орун – Үсөн Адылбек уулу

125 кг.

1-орун – Музафар Жаппуев

2-орун – Бахтияр Мирлан уулу

3-орун – Айбек Касманбетов

3-орун – Арзуубек Карыбеков

Белгилей кетсек, мелдеш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы КРнын күрөштүн түрлөрү боюнча федерациясы менен биргеликте өткөрүлдү.