Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн чемпионаты өтөт

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 17-18-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлөт.

Чемпионаттын максаты эл аралык мелдештерге катышуу үчүн улуттук курама командасын түзүү болуп саналат.

Таймаш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Күрөш федерациясы тарабынан уюштурулууда.