Анкарада кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү өттү

2021-жылдын 12-февралында Анкаранын “Билкент” борборунда “Ат – адамдын канаты” аттуу тематикадагы кыргыз сүрөтчүлөрү Болотбек Мамбетов менен Үмүт Мамбетованын сүрөт көргөзмөсү өтүп, ага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев катышты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көргөзмөнүн жүрүшүндө элчи Өмүралиев Б. Мамбетов менен У. Мамбетованын, ошондой эле “Билкент” борборунун сүрөт галереясындагы башка сүрөтчүлөрдүн көркөм чыгармалары менен таанышты.

Ошондой эле элчи “Билкент” борборунун жетекчилиги менен жогоруда аталган сүрөт галереясында келечекте башка маданий иш-чараларды жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларынын көргөзмөлөрүн өткөрүү маселесин талкуулады.