Британиянын тургуну «Сүйүү күнүнө» карата жубайына уникалдуу «Bugatti» белек кылды. Сүрөт

Лондондун жашоочусу аялы үчүн өзгөчө «Bugatti Chiron Sport» автоунаасын белекке берди деп жазды «Car Scoops» басылмасы.

14-февралга карата жубайына «башкача» белек кылууну каалаган мырза британиялык кымбат баалуу унаа сатуучу «HR Owen» компаниясына кайрылып, дизайнерлер менен биргеликте кызгылт жана ак түстөрдүн айкалышындагы өзгөчө унаа жаратышкан.

«Буга чейин эч ким буюртма бербеген уникалдуу «Bugatti» пайда болду жана компания мындай унааны жаратууда маанилүү роль ойногондугу менен сыймыктанат»,- дейт «HR Owen Bugatti» ишканасынын башчысы Кен Чоо.

Автоунаа — ээси Элистин атынан «Alice» деп аталды.

Ички жасалгасы да атайын буюртма менен жасалгаланып, ичинде да кызгылт түстөгү «Alice» деген жазуулар бар.

Өндүрүүчүлөр уникалдуу долбоордун баасын аташкан жок, бирок «Сhiron Sport Alice» үчүн кардар кеминде үч миллион евро сарптагандыгы белгилүү болду.