Дүйнө

ММК: француздар коронавирусту жок кылуучу беткапты ойлоп табышты

Француз компаниясы BioSerenity коронавирусту жок кылуучу беткапты көрсөтүштү. Бул тууралуу BFM телеканалы билдирди деп, 17-февралда ТАСС маалымдады.

Компанияда белгилешкендей беткап төрт каттан турат да, бир каты бактерициддик жана антивирустук касиетке ээ. Мындай натыйжа эки молекуланы — циклодекстрин менен аммиактын төрттөн бир бөлүгүн пайдалануу аркылуу жетишилген. Алар вирусту физический жагынан да жана химиялык жагынан да блоктоп ташташат.

«Беткап вирустарды блоктойт жана жок кыла алат», — деп айткан компаниянын өкүлүнүн сөзүн, телеканал мисал катары келтирген. Мындан тышкаары, беткап өзүн-өзү тазалоо касиетине ээ экенин, демек айлан-чөйрөгө анча коркунуч жаратпай тургандыгын белгилешкен, компанияда.

Беткап Лиля Университетинин ооруканасынын, саламаттык сактоо жана медициналык иликтөө Улуттук институту менен илимий иликтөөлөрдүн Улуттук борборунун адистери менен бирдикте иштеп чыгылган. FFP беткабынын баасы €1,49, ал эми анын хирургиялык аналогу — €0,44 турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button