Россияда кыргыз жараны түркмөнстандык кыздын өлүмүнө шектелүүдө

Екатеринбургда ыкчам кызматкерлер Түркмөнстандан келген 26 жаштагы кызды өлтүргөн делген адамды кармашты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Басылмалар укук коргоо органдарындагы булакка шилтеме берүү менен билдиргендей, кекиртеги кесилген кыздын денеси өткөн жумада Степан Разин көчөсүндөгү батирден табылып, бир нече күндөн кийин детективдер шектүүнүн изине түшкөн. Кармоо операциясы 11-февралда болуп, шектүү ижарага алынган батирге жашырынууга аракет кылган.

“Кармоо кечээ түштөн кийин жүргүзүлдү. Ал эч кандай каршылык көрсөткөн жок. Эркек күнөөсүн мойнуна алып, акча үчүн өлтүргөнүн айтты. Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле, ал башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилет”, – делет маалыматта.