Коронавирус. Алты бейтап каза болуп, дагы 54 адам жуктурган

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус 54 адамдан табылып, 6 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча ооруну жуктургандар:

Бишкекте – 16,
Чүй облусунда – 25,
Ош облусунда – 2,
Талас облусунда – 2,
Нарын облусунда – 3,
Ысык-Көл облусунда – 5,
Баткен облусунда – 1 .

Ал эми бир сутка ичинде 66 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте- 5 жана Жалал-Абад облусунда – 1 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 396 бейтап, амбулатордук түрдө 339 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 202 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 150 медкызматкер айыгып чыкты”, – деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 885 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 756 киши айыгып чыкса, 1 миң 458 адам каза болду.