Окуялар

Милициянын кайгуул кызматкерлери оорулуу жаранга жардам көрсөтүштү

2021-жылдын 22-февралында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 16:00 чамасында Тыныстанов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаш бала кайгуул кызматкерлеринен жардам сурап кайрылдган.

Анда апасы катуу ооруп такси кызматы менен ооруканага бара жаткандыгын айтып, бирок жолдор тыгын болуп жаткандыктан кечигип жаткандыгын айтып, эртерээк жеткирип койууну суранган.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, башка унаадагы ооруп жаткан жаранды кызматтык унаага отургузуп, тезинен кечиктирилбестен № 6 шаардык ооруканага жеткиришип, дарыгерлердин колуна андан ары кароо үчүн өткөрүп беришкен.

Милициянын кайгуул кызматкерлеринин бул ыкчам аракетине дарыгерлер жана ооруп жаткан жарандын туугандары ырахматын айтып, ыраазычылыгын билдирди.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button