Саясат

Марипов: Европа Бирлиги биздин маанилүү өнөктөшүбүз

Премьер-министр Улукбек Марипов Европа Бирлигинин өкүлчүлүгүнүн кызматташуу (финансылык жана техникалык) бөлүмүнүн башчысы Шарлотта Адрианды өлкөдөгү миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы Шарлотта Адрианга өлкөдөгү жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, анын республикада жүргүзүлгөн реформаларды жүзөгө ашырууга, анын ичинде санариптик трансформацияны ишке ашырууга, аймактардын экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө, ички миграцияны кыскартуу жана алыскы региондордун жашоочуларын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга, ошондой эле сугат тутумун жакшыртууга кошкон жеке салымын белгиледи.

«Европа Бирлиги биздин маанилүү өнөктөшүбүз. Биз көп тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууну түзүүгө кызыкдарбыз жана ЕБ тарабынан көрсөтүлгөн колдоону жогору баалайбыз», — деди өкмөт башчы.

Өз кезегинде Шарлотта Адриан Европа Бирлиги Кыргыз Өкмөтү менен ар тараптуу маселелердин долбоорлорун ишке ашыруу боюнча жигердүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө премьер-министр 2014-2020-жылдар аралыгындагы эки тараптуу Көп жылдык индикативдик программасынын алкагында Европа Бирлигинин өкүлчүлүгүнүн колдоосун белгиледи. Тактап айтканда, 2020-жылы коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы каражаттарды мобилизациялоонун алкагында Европа Бирлиги билим берүү жана социалдык коргоо секторуна бюджеттик колдоо көрсөткөн.

«Европа Бирлигинин мындай колдоосу бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатууга, каржылык тартипти жана мамлекеттик институттардын аудитин күчөтүүгө мүмкүндүк берди. Бул мамлекеттик органдардын потенциалын, программаларды ишке ашыруу үчүн жоопкерчилигин бир кыйла жогорулатты», — деди ал.

Жолугушуунун соңунда тараптар бардык артыкчылыктуу маселелер боюнча долбоорлорду активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button