Садыр Жапаровдун Казакстанга мамлекеттик иш сапары жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстан Республикасында мамлекеттик иш сапары менен болду, – деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекеттик иш сапар президент Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземинен башталды.

Мамлекет башчылары чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле биргелешкен өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулашты.

Мамлекеттик иш сапардын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду, анын ичинде президент Садыр Жапаров менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин музейине барды. Мындан сырткары, Нур-Султан шаарындагы Ата Мекенди коргоочулардын эстелигине гүлчамбар койду.

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик иш сапарынын экинчи күнү Казакстандын бизнес коомчулугу жана ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусунан башталды.

Мындан сырткары, мамлекет башчысы Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжановго мамлекеттик сыйлык –”Достук« орденин тапшырды.

Мамлекеттик иш сапар Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин „Астана“ эл аралык каржы борборуна баруусу менен жыйынтыкталды.

Бүгүн, 3-мартта президент Садыр Жапаров Бишкек шаарына кайтып келди.