Окуялар
Аксыда депутаттыкка талапкер элге чай берип, 7 адам спиртке ууланып каза болду
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер элге чай берген. Анда 20 адам спиртке ууланып, 7 адам каза болду. Бул тууралуу super.kg порталы жергиликтүү тургундарга таянуу менен жазып чыкты.
«Эки күн мурда айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер элге чай берген. Ошондо 20 адам спиртке ууланып, 7 киши көз жумду», — деп айтып берген жергиликтүү тургун super.kg порталына.