Ырчы Анжелика жаңы түзүлгөн партия менен депутаттыкка аттанат

773

Ырчы Анжелика Бишкек шаардык кеңешке шайлоого аттанат. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

“Бишкек шаардык кеңешке аттандык. Калган маалымат 12-марттан баштап берилет. Биз болгону ыктыярчыларбыз”, – деп жазды.

Ал жаңы түзүлган партия менен шайлоого аттана турганын билдирди.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт.