Саясат

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн соттору менен жолугушууда

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун өлкөнүн соттору менен жолугушуусу башталды.

Мамлекет башчы менен жолугушууга Ала-Арча мамлекеттик резиденциясына өлкөнүн бардык аймактарынан соттор келишти.

Эскерте кетсек, бүгүн Кыргызстанда Соттор күнүн белгилешүүдө.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө катышуучуларды Ак калпак күнү менен куттуктады. Ал сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы Ак калпак күнү менен бир күндө майрамдалуусу символикалуу көрүнүш экенин белгиледи. Анткени, эркектердин улуттук баш кийими тазалыктын белгиси катары сыпатталат.

Иш-чарада Жогорку соттун төрайымынын орун басары Нургүл Бакирова дагы сөз сүйлөдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button