Өз энесин тирүүлөй өрттөп салган. Арал айылындагы каргашалуу окуя

Чүй облусунун Жайыл районунда өз энесин өлтүрүүгө шектелип эркек киши кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 9-мартта саат 06:30да милиция бөлүмүнө Арал айылындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Оку болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Милиция кызматкерлери Арал айылындагы үйлөрдүн биринен 81 жаштагы З.Г. аттуу кемпирдин сөөгүн табышкан.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө адам өлтүрүүгө шектүү катары каза болгон адамдын 44 жаштагы З.Р. аттуу баласы кармалды.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 130-берене (“Киши өлтүрүү”) боюнча катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү күнөөсүн моюнуна алып, энесине бензин чачып өрттөп жибергенин айткан.

Алдын ала маалымат боюнча, шектүү психикалык жактан жабыркап келген.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Шектүү Жайыл райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.