Коронавируска ишенбей, дубага ишенген Танзаниянын президенти вирустан каза тапты

Танзаниянын президенти Жон Магуфули 61 жашында каза болду.

Бул тууралуу өлкөнүн вице-президенти мамлекеттик телеканалдан жарыялады. Магуфули март айынын башынан бери эл алдына чыкпай калган. Оппозициянын өкүлдөрү президент коронавирус жуктуруп алып, коңшу Кенияда дарыланып жатканы тууралуу маалымат тараткан.

Танзаниянын өкмөтүнүн өкүлдөрү “анын саламаттыгы жайында, элге чыкпай иштеп жатат” деп айтып келген.

Жон Магуфули коронавируска байланыштуу өлкөсүндө карантин киргизбей, беткап тагынуудан баш тарткан.

Ал COVID-19га каршы эмдөөнү келекелеп, дубаларга гана ишенүү керектигин айтып келген. Президент мындай позициясын “чет элдик илимге” ишенбей турганы менен түшүндүргөн. Танзанияда коронавирус жуктуруп алгандардын расмий статистикасы жүргүзүлгөн эмес.

“The Financial Times” басылмасынын жазышынча, президенттин ооруп жатканы боюнча маалымат тараткан төрт адам камакка алынды. Оппозиция Магуфули өткөн аптада эле каза болушу мүмкүн деп шек саноодо. Өкмөт болсо президент жүрөк оорусунан улам дүйнө салды деген маалымат таратты.

Танзанияда соңку маалда коронавирустун мутацияланган түрү жайылып жатканы кабарланган. Өлкөнүн автономдук аймагы саналган Занзибар пандемия маалында туристтерди кабыл алган. Февралдын башында бул аймактын жетекчилеринин бири коронавирустан улам каза болгон.

Президент буга чейин заманбап медициналык каражаттарга эмес, дубага ишенгени айтылат маалыматта. Ал эми атайын вакцинаны да сайдырбай койгон экен.