Саясат

“Шаар башкарууда тажрыйбасы мол, турмушта такшалган Нариман Тюлеевди, “Ак Бата” партиясын шайлайлы!”

“Тынчтыкты сактоочулардын кызматташтыгы” эл аралык  фондунун вице-президенти, 1999-2008-жылдары  ички аскерлердин Колбашчысы, Афган согушунун, 1999-2000-жылдары Баткен согушунун катышуучусу, генерал Аширбек БАКАЕВ :

          Урматтуу  мекендештерим, ардактуу  шайлоочулар!

Борбор шаардык кеңештин  45 депутаттык кызматына  25 партиянын өкүлдөрү талаптанып жатканы – коомубуздагы атаандаштыктын курчуганын айгинелейт, бирок алардын кызыкчылыктары ар башка болушу мүмкүн.

Учурда  элдин жашоо шартына терс таасирин тийгизген көйгөйлүү маселелер  өтө  көп, алар тез арада чечилбесе, баарыбыз кыйынчылыктарга дуушар боло беребиз. Буларды ,,сыйкырлуу” жол менен чече коебуз деп шугулданган  жаңы партиялар шаардын көчөлөрүн тааныганча эле эки-үч жыл өтүп кетет, анын үстүнө кур убадалардан баарыбыз  тажадык.

Алардын  ичинен артыкчылык менен айырмаланып турган “Ак Бата” партиясы жана анын абройлуу анабашы  Нариман Тюлеев жаш курагы жетилген, турмушта такшалган, шаар башкаруу боюнча чарбалык тажрыйбасы мол, айтканын так аткарган жоопкерчиликтүү инсан.

“Жаңы дос кадырга жетпейт, эски дос эстен кетпейт” дегендей,  Бишкектин тарыхында  Нариман Тюлеев тургундар үчүн жанын аябай иштеп, көп жакшы шарттарды жаратып кеткен  жетекчи болгондугу баарыбыздын  эсибизде.

Шаарды мурдатан жакшы тааныган, көйгөлөрдүн себептерин терең түшүнгөн, аларды тез арада чечүүнүн жолун билген жана колунан келе турган  Нариман Тюлеевди, анын командасын  колдосок, ошондо гана жакын  арада жакшы өзгөрүүлөр  болооруна көпчүлүктүн көзү жетип турат! Демек, ар кандай бут тосууларга, ушак-айыңдарга карабай, борбор шаарыбыздын гүлдөп, өсүп-өнүгүүсүнө  салымыбызды туура тандоо менен кошолу!

Кымбаттуу Бишкектеги мекендештерим!

Шаарыбыздын  жаркын  келечеги үчүн  № 19 “Ак Бата” саясий  партиясын  шайлайлы !!!

Заказчик: политическая партия «Ак Бата». Оплачено уполномоченным представителем по финансовым вопросам партии Абдымажимовой Т. А. из средств специального избирательного фонда политической партии «Ак Бата».

Дата выхода: 05.04.2021 г.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button