Казакстанда өткөн суткада коронавирус 1809 адамдан аныкталды
Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 809 адамдан аныкталды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында — 242, Алматы шаарында — 585, Шымкент шаарында — 30, Акмоло облусунда- 60, Актөбе облусунда — 153, Алматы облусунда — 278, Атырау облусунда — 64, Чыгыш-Казакстан облусунда — 23, Жамбыл облусунда — 28, Батыш-Казакстан облусунда — 101, Караганда облусунда — 90, Костанай облусунда — 34, Кызылорда облусунда — 39, Мангистау облусунда — 11, Павлодар облусунда — 31, Түндүк-Казакстан облусунда — 24, Түркестан облусунда – 16 адамдан COVID-19 аныкталган.
Казакстанда пандемия башталгандан тарта бардыгы болуп 256 миң 837 адам коронавирус жуктурган.