Коом

ВИДЕО: Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында ар улуттун өкүлдөрү биргеликте 3500 дарак отургузду

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылындагы ишембиликте 3500 дарак отургузулуп, айлана-чөйрө тазаланды. Бул тууралуу Ивановка айылынын жаштары кабарлашты.

Бул айылда 18 миңден ашуун көп улуттуу калк жашайт.  Ал жерде кыргыз, орус, дунган, өзбек, уйгур жана Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздар  жана башка улуттар бир үй-бүлөдөй ынтымакта жашашат.  Жаз келгени эки жуманын ичиндеги ишембиликте бул аймактагы айыл эли кары-жашы дебей активдүү катышып, Чүй-токой-чарба агенттиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде 3500 даана терек жана карагайлар тигилди.  Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүдөн тышкары,  таштандылардан тазалоо иштери да эки жумадан бери кызуу жүрүп жаткан  экен.

«Тазалык ыймандын белгиси» дегендей айыл тургундары элди өз айлана-чөйрөсүн таза кармоого  чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button