Окуялар

Бишкектик кызды ала качып кетишкендер белгисиз болуп, жакындары издөө салышты

Бишкекте 27 жаштагы кызды мурда сүйлөшкөн жигити ала качып кетип, бир күндөн бери дайынсыз болууда.

Кыздын эжеси Дамира Казбекова сиңдисин кечээ, 5-апрель күнү, эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч бала кызыл түстөгү унаага салып кеткенин билдирди. Бул учур жанындагы кафенин видео байкоосуна тартылып калган.


Туугандары Биринчи май райондук милицияга арыз жазган, бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болушууда.

“Сиңдим кечээ түштөн кийин 17:00дөр чамасында байланышка чыккан, баары жакшы деп айткандан кийин телефону өчүп калды. Ошондон бери дайынсыз болууда. Милицияга арыз жаздык, бирок жакшы реакция кылбай жатышат. Кызыбызды эртерээк таап беришин суранабыз”, — деди Казбекова.

Ал эми Биринчи май райондук милициясынын маалымат кызматы бул боюнча кийинчерээк комментарий берүүнү убадалады. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button