ВИДЕО: Бишкекте көчөдө аялды аёосуз сабаган адам кармалды

Бишкекте көчөдө аялды сабаган адам кармалып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 11-апрелде социалдык тармактарда көчөдө аялды уруп жатканы тартылган видео тараган.

Ошол эле күнү болжол менен кечки саат 19:00дөр чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына Кустанайский жана Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде кызды уруп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке келген милициянын кайгуул кызматкерлерине 1987-жылы туулган Ю.Н. аттуу айым арыз менен кайрылган.

“Ш.Ж. аттуу арыз ээсинин чала таанышы аны уруп, денесине зыян келтиргендигин билдирген. Окуяга шектүү делген адам “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү автоунаага отуруп, окуя болгон жерден качып кеткен”, – деп билдиришти.

Милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамына издеп табуу боюнча багыттама берилип, кылмыш шектүү катары 1992-жылы туулган Ш.Ж. аттуу жаран кармалып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факт Биринчи май райондук милициясы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин (“Бейбаштык”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.