Референдумду колдоо элдин тандоосу болду. Эми аны коргош керек

Жарандар жаңы Конституцияны колдоп, 2021-жылдын 10-январындагы шайлоонун жана референдумдун жыйынтыктарын тастыкташты. Колдогондордун саны өзгөрүүсүз – 80% бойдон калды.

Олигархиялык парламентаризмдин жактоочулары дагы бир жолу алардын идеялары биздин элге канчалык жат экендигин көрүштү.

Жеңиш ушунчалык ишенимдүү болгондуктан, эми деструктивдүү күчтөрдүн өкүлдөрүнүн демөөрчүлөрү алардын ынанымсыз шылтоолоруна ишенишпейт. 

Тилекке каршы, эми утулуп калган бейөкмөт уюмдар бул референдумдун  маанисин төмөндөтүү үчүн бир топ кампанияларды жүргүзүшөт. Биздин жарандарга псевдо-либералдар биздин элибиздин тандоосун жаманатты кыла турган ыкмаларды жана аргументтерди таап чыгара турган иш экенин эскертип кетким келет.

Эң популярдуу аргумент – шайлоого катышуу. Референдумдун жана жаңы курстун каршылаштары ушул аргументти пайдаланышып,  тапкычтыктын жана айлакерликтин кереметин көрсөтүшөт.

Биринчиден, алар добуш бербегендердин бардыгын автоматтык түрдө референдумдун оппоненттери деп эсептешет. Болбосо логиканын бардык мыйзамдарына ылайык, шайлоого келбегендердин саны референдумдун жыйынтыктарынан көп айырмаланбашы керек. Демек, экинчи каршы аргумент төмөнкүдөй: шайлоого кимдер катышкан жок? Биринчи эле кезекте тышкы жана ички мигранттар добуш бере алышкан жок. 2010-жылы шайлоодо 56% же 1,9 миллион жаран добуш берген. Январь жана апрель айларындагы референдумда 1,4 миллион жана 1,3 миллион жаран катышты. Бул жарандардын добуш берүүгө атайылап келбегендигинен болгон жок. Бул өтө жөнөкөй: Батышчыл саясатчылар идеяларынын карапайым элдин арасынан колдоо таппаарына көзү жетип, Форма-2ни жокко чыгартышты. Бишкек жана Ош шаарларына аргасыз келип жашап жаткан турак-жайы жок карапайым калктын добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышты.

Ички мигранттардын билим берүү, медицина жана мамлекеттик кызматтарга болгон жеткиликтүүлүгүнүн чектелгендиги аз келгенсип, алардын көйгөйлөрүнө добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылгандыгы кошулду. Аларды мындай мүмкүнчүлүктөн өздөрүн демократ деп атап алгандар ажыратышты. Алардын азабынан 500-600 миң жаран добуш бере албай калды. Аны менен бирге адаттагыдай эле биздин элчиликтерде жана консулдуктарда расмий каттоодон өтпөгөн же шайлоо участкаларына келе албай калган чет жактагы мигранттарыбыз да добуш бере албай калышты.

Алар пара берүү маселесин көтөрүүгө да аракет кылышат. Бул жерде алар дагы бир жолу көчөгө митинг  кылууга аракет кылышат. Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшү референдумга добуш берүүнүн бир бөлүгү катары көрсөтүлөт. Олигархиялык псевдолибералдарга дагы бир жолу шайлоо алардын ыйык саан уюу катары эсептелген – Текабаевдин элге каршы жазылган Конституциясына ылайык өткөндүгүн дагы бир жолу эскерткиң келет.

Шайлоо мыйзамын өзгөртүп, бир мандаттуу тутумга – шайлоочулар алдында так жоопкерчиликтүү системага өтүү адилеттүү болмок. Партиялардын бир мандаттуу округдарда талапкерлерин көрсөтүүсүнө эч ким тоскоол болбойт эле.

Мен ар бир адамдан суранат элем: өз тандооңузду коргоңуз, бир ууч элбузарларга биздин жеңишибизди тарттырып жибербейлик, алардын үстүртөн келтирилген жүйөлөрүнө ишенимдүү жооп кайтаралык.

Максат Адылбеков