Кароосуз калган. Ак-Буура дарыясынын жээгинде каза болгон адамдын ким экени аныкталды

2021-жылдын 10-апрель күнү саат 13:50 чамасында, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Даңги участкасында Ак-Буура дарыясынын жээгинде 35-40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы боюнча Кара-Суу РИИБдин НБнө маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат    текшерүүнүн жыйынтыгы менен 2021-жылдын 10-апрель күнү аталган факты өлүктү табуу белгиси менен Кара-Суу РИИБдин КЖБРне   сотко чейинки кылмыш иш катталып, тергөө амалдары башталган. Кылмыш иш боюнча окуя болгон жерге кароо жүргүзүп,  жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жансыз дененин өздүгүн тактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Озгур айылынын тургуну 31 жаштагы  С уулу Ө экендиги такталган. Ал 2017-жылдан баштап психикалык жактан ооруп каттоодо тургандыгы, акыркы учурларда ага көңүл буруп караган адамдарынын жоктугунан өз учурунда даарыланбай калгандыгы  аныкталган. 

С. уулу Ө  1990-жылы Ош шаарында туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Озгур айылынын тургуну, апасы каза болгон, атасы О.С  66 жашта пенсионер. Үй-бүлөсү жок. Атасы менен бирге жашаган.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы