Анжелика: Бизге 5 мандат берилди, бирөөсүнүн ордуна мен өз каалоом менен депутат болуп отура алам

11-апрелде өткөрүлгөн шайлоо боюнча ырчы Анжлика өзүнүн инстаграм баракчасына шайлоо тууралуу өзүнүн пикирин билдирди.

«Бизге 5 мандат берилип жатат. Бешөөнүн бирөөсүнүн ордуна мен өз каалоом менен депутат болуп отура алам. Бирок менин көздөгөн максатым -элге кандай болсо дагы пайда алып келүү!!! Ден -сооолугумду бекемдеп, сөзсүз келээрки жылы болобу, же жарым жылда болобу, мен шаардык кеңешке келем! Менин ал жерде ордум бар! Өтпөй калды деген маалыматтар туура эмес маалымат!

Буйруса, эми кенен басып, кенен иштеп, аркамдагы күчтүү командам менен көптөгөн жакшы иштерди жасап, элдин батасын алып, келечеке жол курган жаштардан болобуз!!!

Бул жеңиш бизге оңойго турган жок .Самое главное стали частью Бишкекского городского кенеша!
Будем достойно представлять интересы простого народа и тех, кто проголосовал за нас! С ПОБЕДОЙ НАС! Ура! Ура ! Ура!
P.S. ЫЙМАН НУРУ, РЕФОРМА, Бүтүн Кыргызстан НЕГИЗИ ӨТСӨ ЖАКШЫ БОЛМОК.

Тарапташтар болуп, бизге бут тосууларды жасаса дагы мен алар үчүн дагы камсанагам😞Жана ошондой эле, эч кимди эске албай, үч эски гиганттар мэрдин креслосун талашып жатканы чындыгында уят»,- деп жазды ырчы.