Алдамчылык, карактоо менен алектенип, алимент төлөбөй качып жүргөндөр Москвада кармалышты

Москвада алдамчылыкка, карактоого шектелгендер жана алимент төлөбөй жүргөн кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү өз өлкөсүндө укукка каршы аракеттерди жасоо үчүн мамлекеттер аралык издөө жарыяланган жарандардын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча иштерди улантып жатат.

Россия Федерациясынын аймагында жашырынып жүргөн жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча комплекстүү чаралар жүргүзүлүп жатат.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгү Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, анын натыйжасында Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жарандар аныкталган.

Чүй облусунун тургуну 1990-жылы туулган Э.О. кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүмүндө (эски редакция) (“алдын ала макулдашып алуу менен жасалган каракчылык”) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2021-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

Шектүүгө Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмү издөө жарыялаган. 2011-жылы жаран Э.О. өзүнүн шериктештери менен каракчылык менен кол салышкан. Сокулук районунда түн ичинде үйгө кирип, үй ээлерин сабашкан. Коркутушуп, 100 миң сом акча каражатын ээлеп алышкан.

Ош облусунун тургуну 1952-жылы туулган К.С. (аял киши) Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 162-беренесинин 2-бөлүмүндө (“Олуттуу өлчөмдө жасалган алдамчылык”) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип издөөдө жүргөн. 2016-жылдан баштап мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Андан сырткары, Талас облусунун тургуну 1979-жылы туулган М.Э. кармалды. Ал 2020-жылдын декабрь айынан баштап Талас районунун ички иштер бөлүмү
тарабынан балдарын багууга акча каражатын төлөбөгөндүгү үчүн (алимент) издөөдө жүргөн.

“Издөө алган тараптар кабарланды. Кармалган жарандарды өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берүү жөнүндө маселелер чечилип жатат”, – деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.