Маданият

ВИДЕО: Абдумалик Шерматов кызы Маликага ыраазычылык билдирип, акыл-насаат айтты

Ырчы Абдумалик Шерматов кызы Малика Динага ата журтуна барып келгени үчүн ыраазычылык билдирди:

«Кызым Малика Дина, Ата журтуңа барганыңды көрүп кубандым. Мени издеп барган окшойсуң э? Бирок мен жок болуп калдым кечирим сурайм. Ата журтка барып, бата алып койгон жакшы. Мен деле берип турам батамды «Малика кайгырбаса, чөкпөсө экен» деп. Ата  — бул күч да. Тышкы тон. Эне  — бул ички тон.

Малика, сен чоң кербендин тукумусуң. Үйүмдү көрүп ал, Кайыңдыда жашайм. Келип кабар алып тур. Баары сени мага окшоштурушат. Туугандарым дагы жакшы тосуп алышыптыр.

Сен тууралуу жаман сөз уксам, ичим «тыз» дей түшөт. Бирөө тийишсе айт мага. Мен тез эле жетем да. «Маликанын атасы келе жатат» дегенде эле алар жок болушат. Ал эми мени жамандагандар рахмат айтып, «демек, атам жакшы адам турбайбы» деп кой. Себеп дегенде жамандап жаткан кишинин аркасы таза болот. Апаңды, өзүңдү, неберемди жакшы кара. Мен сени жакшы көрөм. Чалып тур», — дейт ырчы. 

https://youtu.be/NFIldVBqM6s

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button