ВИДЕО: Тажикстанда президенттин отставкасын талап кылган эстафета башталды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кызматтан кетишин талап кылган “Ислох” сайтынын башчысы Мухаммадикболи Садриддин баштаган эстафетасын Тажик жарандары колдоп жатышат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары жазып, атүгүл видео жарыялашты.

Анда “Эмомали Рахмон дээрлик 30 жылдан бери кландык башкаруусун күчөтүп, тууган-уругу менен Тажикстанды жок кыла турган болду. Мамлекетти карызга батырды, коңшу өлкөлөр менен достугубузду жок кылды. Буларга импичмент жарыялансын”, – деп билдиришкен.