Коом

Өкмөт Баткенге чет элдик жана жергиликтүү журналисттерди алып барат

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак чыккан аймактарда журналисттер үчүн пресс-тур өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.

“Баткендеги окуя тууралуу дүйнө коомчулугуна туура, калыс маалымат жеткирүү үчүн эл аралык журналисттерди Баткенге алып бара жатабыз. Саат 16.00дө атайын самолет менен Баткенге учуп кетебиз. Жеринде баарын көрсөтүп, айтып беребиз. Алар өз көздөрү менен көрүп, жыйынтык чыгарышсын”.

Чек арадагы чатак чыккан аймактарга Кыргызстанда аккредитациядан өткөн эл аралык маалымат каражаттары барат. Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү жалпы 20 маалымат каражатынан 26 журналист бара турганын билдирди. Алардын онго жакыны чет элдик басылмалар. Калгандары жергиликтүү мамлекеттик маалымат каражаттары.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 35ке жетип, 180ден ашык киши жараат алды. Үй-жайын таштай качкан, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге чамалады.

Баткендеги коогада 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button