Коом
Коронавирус менен ооругандар Бишкектеги кайсы ооруканадан орун таба алат. Тизме
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги ооруканалардагы бош орундар тууралуу маалымат берди.
Саат 08:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 10 ооруканада 172 орун бош:
- Улуттук хирургия борбору — 4;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 8;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 7;
- Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 61;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 47;
- №6 шаардык клиникалык оорукана — 22;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 10;
- Чүй облустук ооруканасы — 3;
- Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары бөлүмү — 4;
- Улуттук онкология жана гематология борбору — 6.