Ырчы Асел Кадырбекова: Жалгыз бой эне болгон жаман экен, кызым менен жалгыз жүрөм

Ырчы Асел Кадырбекова жалгыз бой энелер балдарын багууда жашоодогу кыйынчылыктарды мырзалар түшүнбөгөндүгүнө нааразычылыгын билдирди.Бул тууралуу соцтармактагы өздүк баракчасына жазды.

“Жалгыз бой эне болгон жаман экен. Кайда барбасам да кызымды көтөрүп жүрөм ушинтип. Меники бир кыз, а кээ бирөөндө 3-4 баланы жалгыз бой багышат энелер. Аябай жаман нерсе эркектер неге түшүнүшпөйт”, – деп жазды.