Тажикстанда катуу жааган жамгырдан сел бир нече адамдын өмүрүн алды. ФОТО

 

Тажикстандын түштүгүндө катуу жааган жамгырдын жана селдин кесепетинен улам 8 адам каза болду.

Бул тууралуу журналисттерге Тажикстандын  Өзгөчө кырдаалдар комитетинин басма сөз борборунун башчысы Умеда Юсуфи билдирди.

Табигый кырсык Хатлон облусунун бир катар райондорун жана Республикага баш ийген аймактарды каптады.

“Кырсыктан жабыркагандардын саны 8 адамга жетти: үчөө Кулябда, үчөө Шохин районунда, бир адам Хатлон облусунун Кушонион районунда, дагы бирөө Гиссарда көз жумду”, –  деди Юсуфи.

Жети киши сел каптаган унаалардан чыга албай көз жумса, дагы бир чабанды мал-жаны менен сел алып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар ведомствосунун өкүлү табигый кырсыктын кесепетинен турак жайларга, үй чарбаларына, айдоо аянттарына зыян келтирилгендигин, курулуштар талкаланып, жолдор жуулуп кеткендигин белгиледи.

Душанбе шаарында 11-майда катуу жааган жамгырдын кесепетинен жолдордун айрым бөлүктөрүн суу каптаган видеосу социалдык тармактарда таркатылууда.

Ушул себептен улам унаа кыймылы токтоп, айрым айдоочулар суудан качуу үчүн унааларынын үстүнө чыгууга аргасыз болушкан.

Мындан тышкары, аба-ырайынын кесепетинен аэропортту дагы суу каптаганы тууралуу видео пайда болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-майга чейин кар көчкү, сел, таш кулоо, дарыялардагы, суу сактагычтардагы суунун деңгээли көтөрүлүп кетүү коркунучу сакталып тургандыгын эскертип, калктан этият болууга чакырды.