Шайлоолордун жыйынтыгы жокко чыгарылды. КР БШК партияларга күрөөнү кайтарбайт

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шаарлардагы шайлоонун жыйыктыктары жокко чыгарылган партияларга күрөөнү кайтарбайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, мыйзам боюнча эгер шайлоонун жыйынтыгы сот жана БШКнын чечими менен жокко чыгарылса күрөө кайтарылбайт.

Ошондой эле, Бекматов иш-аракети шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгон талапкер кийинки шайлоого катыша албайт. Ал эми партия катыша алат.

“Биз азыр кийинки шайлоого катыша албай турган талапкерлердин так фамилияларын атай албайбыз. Айрым учурларды БШК тактап жатат, айрымдарын – укук коргоо органдары”,-деди ал.

Мындан ташкары, Бекматов БШКнын шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу тууралуу чечиминен кийин бир айдын аралыгында президент кайталап шайлоону дайындашы керек деп кошумчалады. Ошол учурдан баштап БШК 40 күндүн аралыгында кайра шайлоо өткөрүүсү керек.

Эскерте кетсек, БШК Токмок шаарында жергиликтүү кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Андан тышкары, АШК Бишкек жана Ош шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.