Саясат

Жалган жалаа. Президенттин басма сөз катчысы Аспековдун билдирүүсүнө комментарий берди

Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек пара талап кылууга шектелип жаткан жарандык активист Мелис Аспековдун билдирүүсүнө комментарий берди.

Байтерек чуулгандуу жарандык активист Мелис Аспековдун билдирүүсү боюнча комментарий берүү өтүнүчү менен көптөгөн чалуулар болуп жатканын белгиледи.

“Жарандык активист Мелис Аспековдун КР президенти Садыр Жапаров КР президенттигине талап болуп турган учурунда 2021-жылы 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоонун алдында мурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдон жана анын иниси Асылбек Жээнбековдон 10 млн доллар алган деп айткандары – жалган жалаа.

Мелис Аспеков өзү азыркы учурда УКМКнын тергөө абак жайында отурат, ага “Кыргыз темир жолу” ишканасынын администрациясынын өкүлдөрүнөн опузалап пара талап кылуу боюнча айып тагылган.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган эмес. Бул жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Пара талап кылган деп шектелип жаткан Мелис Аспеков мамлекет башчысынын кадыр-баркын түшүрүп, аброюна шек келтирүүгө аракет кылып жатат. Аспеков чуулгандуу жана жалган билдирүүлөрдү жасоого көнгөн, бирок барынын чеги болушу керек. Жалган билдирүү жасаганы үчүн ал мыйзам алдында жооп бериши керек.

Өздөрүн олуттуу саясатчы деп атап алган айрым ишмерлер бул окуяны карманып Садыр Жапаровду да, ал тарабынан жүргүзүлгөн реформанын дагы беделин түшүргөн ушул теманы талкуулап жатканы капа кылат”,-деди КР президентинин басма сөз катчысы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button