Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 14-15-майда Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат, – деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысы бир катар айыл чарба ишканаларынын ачылышына катышып, алардын ишмердиги менен таанышат.