Коом
Кыргызстанда коронавирус менен ооругандар көбөйүүдө

Кыргызстанда COVID-19 кайра көбөйүүдө. Мындай маалыматты Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинен билдиришти.
26-июндан 3-июлга чейинки бир жума аралыгында коронавирус менен жабыркагандардан 48 чукул маалымат түштү. Анын арасынан 3өө ооруканада, орто оор абалда дарыланууда.
Чет өлкөдөн келген, тагыраагы, Орусия, Түркия, Өзбекстан, АКШдан 9 адам катталган. Мурунку аптага салыштырмалуу акыркы аптада 19га көп коронавирус менен ооругандар аныкталган.



