Коом

28-декабрга карата аба ырайы

28-декабрга караган түнү тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 0…+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1…+6, Ысык-Көлдө -4…+1, Нарын аймагында -5…-10 градус суук болот.

Борбор калаада күндүн табы +2…+4, Ош шаарында +3…+5 градус жылыйт.

Тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -6…-11, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -10…-15 градуска чейин суук болот. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button