Садыр Жапаров Бакуда мамлекет башчыларынын бейформал кечки тамагына катышты

Президент Садыр Жапаров 14-октябрда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (СВМДА) VII саммитинин катышуучулары үчүн уюштурулган бейформал кечки тамакка катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Азербайжанга болгон жумушчу сапардын алкагында Бакудагы «Гулистан» кабыл алуу үйүндө өттү.
Кыргызстандын мамлекет башчысын Азербайжандын президенти Ильхам Алиев тосуп алды. Саламдашуу аземинен жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин делегациялардын башчылары бейформал кечки тамакка өтүштү.
Эске салсак, Садыр Жапаров 14-октябрда Азербайжанга СВМДАнын 15-октябрда өтө турган VII саммитине катышуу үчүн барган. Саммитте аймактык кызматташтык, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүш маселелери талкууланат.


